Жарандык активист Алга Кылычов: "КСДПнын съездине тоскоолдук жараткан учурлар болуп жатат"

29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген соболуна жарандык активист Алга Кылычов жооп берди.

Ал съездди өткөрбөөгө аракеттер болуп жатканын айтты.

"Атамбаевдин тегерегиндегилердин бардыгын алсыратуу аракети жүрүүдө. Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгогон туура эмес да. Ал Атамбаевдин атынан Апрель окуясынан каза болгондордун жакындарына жана жарадар болгондорго жардам берип келген. Ниязов жарадар болгондорго көп эмгек жасаган. Алардын акчасын албай, тескерисинче, жардам берип келген. КСДПнын съездине тоскоолдук жараткан учурлар болуп жатат. Нарындагы конференцияга мамлекеттик кызматкерлер келбей калды. 5-6 мамлекеттик кызматкер "съездге бара албайбыз, туура түшүнгүлө" деп кайрылышты", - дейт Кылычов.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан