29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген соболуна экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жооп берди.
Ал КСДПнын жалпы республикалык съезди бийликтин бут тосууларына карабай өтө турганын билдирди.
"Фарид Ниязовдун үстүнөн арыз жазган бала жаракат алгандардын ичинен Атамбаевден эң көп жардам алган бала болчу. Эки жолу Кытайга барып дарыланып келген. Ал "200 миң сом бербей койду" деп жатат, бул акча бюджетте турат, эч ким алган эмес. Эч кимдин колуна берилбейт жана ошол жерде калат. Эгер чын эле дарыланууга керек болсо, Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу берилет. Дарыгерлер "ал чын эле дарыланууга муктаж" деген бүтүм чыгарышы керек.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймактарында КСДПнын жыйындары өтүүдө, бардык жерде бут тосуулар, аңдымай, коркутуулар болуп жатат. Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголгону - ошолордун бир түрү. Азыркы бийлик ушундай болуп калды. Экономика, коопсуздук жөнүндө ойлонбой, Форумду эле аңдып, биз менен алек болуп калды. Элдин жашоо-турмушу экинчи планда, ал эми бийлик апенди болуп калды. Коркутууларга карабай 6-апрелде КСДПнын съездин өткөрөбүз", - деди Мискенбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутат Равшан Жээнбеков, жарандык активист Алга Кылычов, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.