29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген соболуна Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Орусия Федерациясындагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков жооп берди.
Ал кылмыш иши партиянын съездин өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу деген пикирин айтты.
"Съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу болуп жатканы ачык эле көрүнүп турат. Бул маселе боюнча Фарид Ниязов кенен маалымат берди. Ал жакта ачык-айкын баарын түшүндүрдү. Фарид Ниязов -мамлекетке же элге бир да зыян алып келбеген, тескерисинче, эң жөнөкөй, мамлекетке жалаң гана пайда алып келген саясий жана мамлекеттик ишмер", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, жарандык активист Алга Кылычов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.