29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген соболуна Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын юристи Нурбек Касымбеков жооп берди.
Ал өзүнө карата да психологиялык басым болуп жатканын айтты.
"Фарид Ниязовго козголгон иш партиянын съездин өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракети деп баалайм. Жалал-Абадга келсек, артыбыздан улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер органынын кызматкерлери аңдып жүрүшөт. Туугандарымдын үйүнө барып мен жөнүндө сурап жатышыптыр. Ал эле эмес, агамдын үйүнө УКМК кызматкери мыйзамсыз кирип чыгышты. Мунун баары моралдык, психологиялык басым деп эсептейм", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, жарандык активист Алга Кылычов, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.