Ырчы Замир Мырзанын “Замира” аттуу ырынын клиби тартылды. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону аткаруучунун өзүнө таандык. Ырчынын айтымында, жакын досу кыздуу болуп, ысымын Замира деп ырчынын атынан аташкан. “Мындан улам атайын досума, анын кызына арнап, ушул ырды чыгардым. Клип өзүмө жакты, тамашалуу клип болду",- дейт ырчы.