Бүгүн, 31-мартта Жалал-Абад облусунда КСДПнын жыйыны өтүп, партиянын съездине катышуучу делегаттар шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан партиялык жыйынды үзгүлтүккө учуратуу аракети болду. Чагымчылдык аракеттерге карабай 6-апрелде өтө турган съездге делегаттар шайланды", - деди ал.
Буга чейин партиянын жыйындарын өткөрүүгө тоскоолдуктар жаралып, КСДПнын өкүлдөрүнүн артынан аңдуулар болуп жатканы айтылган эле. Кундуз Жолдубаева 30-мартта аларга туура эмес маалыматтын негизинде жергиликтүү тургундар тарабынан басым болгонун билдирген. Алардын аракети боюнча КСДПнын өкүлдөрү райондук ички иштер органдарына арыз жазышканы маалым болду.