Депутат агрардык комитеттин жыйынына мекемелердин башчылары келбегенине нааразы болду

Бүгүн, 1-апрелде депутат Айтмамат Назаров комитеттин жыйынына мекемелердин башчылары келбегенине нааразы болду.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынына Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев чакырылган. Абдиевдин ордуна анын орун басары Мирбек Акматалиев келген.

Депутат жыйынга агенттиктин директору өзү келиши керектигин эскертти. Учурда жыйында “өкмөттүн 2016-жылдын 17-майындагы буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйругу каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан