Ырчылар Замир Мырза менен Айжамал Кабылова “Ага-карындаш” аттуу чыгарманы дуэт ырдап чыгышты. Чыгарманын сөзү жана обону Замир Мырзага таандык. “Мындай темада ыр ырдап чыгуу идеясы мурда эле бар болчу. Айжамалдын үнү буга төп келет, ошол себептен экөөбүз ырдадык”,- дейт ырчы мырза. Айтымында, аталган ырга сентябрь айында клип тартылмакчы.