УКМКнын мурунку бөлүм башчысы Максат Мамытканов: "Чалгындоо - УКМКнын негизги иши, ал эми коррупция менен күрөшүү - таптакыр башка маселе"

Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген соболуна УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов жооп берди.

Анын айтымында, жалпы мамлекетте реформа болуп жатканда УКМКда да реформа болушу керек.

"Жаңы шартта жаңы маалыматтык технологиялар келип, геосаясатка аралашкан ар кайсы коркунучтар өсүп жаткандан кийин УКМКнын иши ошого жараша сөзсүз түрдө өзгөрүшү зарыл. Кандай реформаларды жасаш керек - бул өтө татаал маселе, анткени, УКМКда чалгындоо иштери бар. Чалгындоо иштери эч качан ачык жасалбайт. "Көмүскө жана жашыруун иштерди УКМК кандай жасайт?" деген маселе көтөрүлүп жатат.

Чалгындоо УКМКнын негизги жасай турган иш-аракети, ал эми коррупция менен күрөшүү - таптакыр башка маселе. Чалгындоодон тергөө функциясын алып салуу сунушу туура эмес. УКМКнын чалгындоо органы Кыргыз мамлекетине чыккынчылык жасагандардын же өзүбүздүн ичибизде жүргөн тыңчыларды кантип кармайт? Ошолорду кармагандан кийин алардын тергөөсүн ким жүргүзө алат? Ошондуктан УКМКда өзүнүн тергөө бөлүмдөрү болушу керек", - деди Мамытканов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев, эксперт Бурул Макенбаева жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан