Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев: "УКМК реформага муктаж эмес, бирок анда иштин көзүн билбеген айрым кадрлар бар"

Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген соболуна Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев жооп берди.

Анын пикиринде, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын президенттин карамагына өткөрүү зарыл.

"Менин оюмча, УКМК реформага муктаж эмес, дурус иштеп жатат, бирок иштин көзүн билбеген айрым кадрлар бар. УКМКны реформалоону талап кылган укук коргоочулар - чет өлкөлүк агенттер, алар өз кожоюнунун тапшырмасын аткарып жатышат.

Эгер менин эрким болгондо, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын президенттин карамагындагы орган кылмакмын. Ошондо коррупция менен күрөшүүдөн жыйынтык чыкмак. Ал эми учурда Коррупцияга каршы кызматынын үстүндө УКМКнын төрагасы, премьер-министр, Жогорку Кеңеш турат. Президенттик аппарат, парламент анын ишине таасир этүүдө", - деди Чотбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов, эксперт Бурул Макенбаева жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан