Ведомство аралык комиссиянын мүчөсү, "Клооп" басылмасынын журналисти УКМКда 8 сааттан ашык сурак бергенден кийин чыкты

Бүгүн, 1-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде "Клооп" басылмасынын журналисти, ведомство аралык комиссиянын мүчөсү Анна Капушенко 8 сааттан ашык сурак бергенден кийин чыгарылды. Бул тууралуу аталган басылма жазып чыкты.

"Капушенко УКМКга адвокат Бакыт Автандил уулунун коштоосунда саат 9:30дар чамасында барган. Ал 8 сааттан ашык сурак берип, саат 18:40тар чамасында чыкты. Анна маалыматты таратпоо тууралуу документке кол койгондугуна байланыштуу тергөөчүлөр менен эмне тууралуу сөз болгону белгисиз", - деп жазат басылма.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Клооп" басылмасынын журналисти, ведомство аралык комиссиянын мүчөсү Анна Капушенконун батиринде тинтүү жүргүзгөнү маалым болгон. Анын үйүн эртең менен саат 8де тинтүүгө алышкан, тинтүүнүн көп бөлүгү жактоочусуз жүргүзүлгөн. Бул учурда Капушенко тергөөчүлөрдү юристтин келишин күткүлө деп өтүнгөн, бирок алар жактоочунун келишин күтпөй эле тергөө иштерин башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан