Бүгүн, 2-апрелде парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине Тышкы иштер министрлиги бир жылдык отчёт берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, отчётту министр Чыңгыз Айдарбеков берет. Күн тартип боюнча 7 маселе каралат. "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө" келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол долбоору, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы 2007-жылдын 27-июнундагы биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол долбоору талкууланат.