Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралды.
Экономика министри Олег Панкратов баяндамасында, аталган мыйзам долбоорунда пайдаланылып жаткан "мамлекеттик өнөктөш" түшүнүгү кеңейтилип, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камтый турганын айтты.
"Мамлекеттик өнөктөш катары бир же бир нече субьектилердин чыгуусуна укук берет. Муну менен катар "кызыкдар жак", "тендер катышуучусу", "консорциум", "тендерге катышуу үчүн квалификациясына сурама", "тендерге катышуу үчүн сунуштарга сурама", "мамлекеттик - жеке өнөктөштүк" долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш жаңы түшүнүктөрү киргизилген", - деди Панкратов.
Комитет мүчөлөрү бул мыйзамда бир катар мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп, редакциялык оңдоолорду киргизүү зарылчылыгын кошумчалашты. Натыйжада аталган мыйзам долбоорун кароо кийинкиге жылдырылды.