УКМК: "Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери тендерден уткан литвалык компаниянын каражатына бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкен"

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптарын бузган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, учурда Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

"Бул кылмыш иши 22-февралда Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды сатып алуудагы сынакта мыйзам талабын бузуу фактылары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө такталгандай, кызматкерлер өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча өлкө мыйзамдарын бузуу менен мамлекеттик каражатты үнөмдөбөстөн, аларды колдонуунун үнөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн камсыздаган эмес. Анын жыйынтыгында, сынакка катышуучулардын бири уткан компаниядан 253 миллион сомго арзан бааны сунуштаганына карабастан, "тендердик документтери шайкеш келбейт" деген шылтоо менен сынактан четтетилген.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкен. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кыргыз жарандарынын жаңы муундагы (ePassport) - жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык жаңы паспорттордун бланктарын сатып алууга тендер өткөрүлүп, аны литвалык "Гарсу пасаулис" компаниясы утуп алган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бланктарды сатып алуу үчүн тендерде 1 миллиард 2 миллион сом сунуштаса, ага катышкан "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы 686 миллион 772 миң 250 сом, "Veridos GmbH" 936 миллион 347 миң 750 сом, "Гарсу пасаулис" 940 миллион 150 миң сом, "IDEMIA France SAS" компаниясы 948 миллион 713 миң 750 сом сунуштаган. Бирок буга германиялык "Muhlbauer ID Services GmbH" жана франциялык "IDEMIA France SAS" компаниялары нааразы болуп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2019-04-02 22:44:52
6 миллион элдин ырысына кара курсагын ойлоп бир ууч ырыс кесерлер ч.....т
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан