Депутат Марлен Маматалиев: “Чек ара маселелери өкмөттүн алсыздыгын билдирип койду”

Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген соболуна депутат Марлен Маматалиев жооп берди.

Анын айтымында, Кыргыз-Тажик чек ара маселеси өкмөттүн деңгээлинде көтөрүлбөгөндүктөн чоң ызы-чуу жаралды. “Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча чоң талкуу болду. Маселе 7-мартта эле козголгон. Ошол жердин Кыргыз-Тажик акимдеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, тыянак чыккан эмес. Өкмөт бул маселени көтөрбөй, чоң ызы-чуу жаралды. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн ушул багытта иш алып баруусунун алсыздыгын билдирип койду. Тез арада чече турган маселени чоюп, жарандар жапа чекти. 2 мамлекеттин өкмөтүнүн алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиялары бир да жолу жолукпаганы жаман көрсөткүч болуп саналат.

Кыргыз-Казак чек арасында 2-жолу ушундай кырдаал болуп жатат. Биринчи ирет саясат болгон. Азыр болсо Бажы кызматынын жумушун алып баруусунун жакшы эместигинен ушундай маселе жаралды. Аны көзөмөлдөп жаткан өкмөттүн дагы ишин жакшы алып бара албай жатканынан көйгөйлөр пайда болду”, - деди Маматалиев.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Айнуру Алтыбаева, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан