Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген соболуна депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.
Ал Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жашаган калктын социалдык маселелерин чечип берүү да, чек ара боюнча чырдын жаралбашына шарт түзөрүн айтат.
"Биз депутаттык топ Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чырдан кийин Баткенге барып, маселе менен жеринен таанышып кайттык. Ал жерде биринчи маселе - демаркация, делимитация иштери болуп жатат. Мындан тышкары социалдык багыттагы таза суу, жер, жайыт маселелеринен улам көйгөй жаралат экен. Ушул тармактарга көңүл буруп, андагы жарандардын көйгөйүн чечип берүү керек.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы көйгөйгө көңүл бурулуп жатат. Өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды, өкмөт башчы өзү да ал жакка барды. Ал эми Кыргыз-Казак чек арасындагы көрүнүш тууралуу эртеңки жыйында маселе көтөрүлүп, талкууланат", - деди депутат.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Марлен Маматалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.