Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.
Анын айтымында, Кыргыз-Казак чек арасындагыдай маселелер Казак-Орус чек араларында да болуп келет. "Кыргыз-Казак чек арасында турган жүк ташуучу унаалар 19-марттан бери турат. Анык себебин Казакстан тарабы айта элек. Мындай окуялар Казак-Орус чек араларында да болуп келет. Биздин өкмөт бул окуяга туура баа берди. ЕАЭБдин өкүлү болгон мамлекеттер интеграциялык келишим эмес, эркин соода жүргүзүү келишимин толук түрдө аткарып келишпейт. Тең укуктуулук орной элек. Кээ бир мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимдин башкы принциптерин аткарбай жатышат. Бул бир эле биздин мамлекетке эмес, бүткүл Евразиялык бирикмесинин туруктуулугуна зыян келтирип жатат. ЕАЭБке кирген бардык мамлекеттер, бирикменин ичиндеги ишкерлер үчүн тең укуктуулук, атаандаштык чөйрөсүн түзүп берүүсү зарыл.
Бирикмеге кирген мамлекеттер арасында чек арада жасалма тоскоолдуктардын болгону абдан жаман көрүнүш. Биздин өкмөт бул жаатта укуктук талаада, интеграциялык келишимдин аткаруусун чечкиндүү түрдө талап кылышы керек. Албетте, ЕАЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн болгон системдик реформаларды жүргүзүү керектигин унутпашыбыз керек. Евразиялык бирикме биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү уюм. Тилекке каршы, ички жана тышкы себептердин айынан бирикменин потенциалын толук колдоно албай келебиз", - деди Акылбек.
Ал эми Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча эксперт Нурсултан Акылбек буга чейин төмөнкүдөй пикирин билдирген.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Марлен Маматалиев, Айнуру Алтыбаева, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.