Жарандык активист Айбек Мырза: "Чек ара маселесинде президент мүнөзүн көрсөтүшү керек, бул жагынан ал чабал болуп жатат"

Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү бар. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.

Ал чек ара маселесин мамлекет башчылардын деңгээлинде сүйлөшүү аркылуу чечүү керек деген пикирин айтты.

"Чек ара маселесин сүйлөшүү аркылуу чечүү зарыл. Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча саясий эрк керек. Президенттердин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, чек ара маселесин карай турган өкмөттүн өкүлдөрүнө тапшырма берилиши кажет. Өзүбүздүн дагы рычагдарды колдонууга аракет кылган туура. Бир нерсе болсо эле чек араны жаап коюп жатышпайбы? Кыргыз өлкөсүндө суу рычагдары бар. Сүйлөшүү учурунда ошолорду дагы айтып, түшүндүрүү керек. Таластагы суу сактагыч Казакстан тарапка карата рычаг боло турган нерсе. 2010-жылы ошол нерсе колдонулган. Башкача айтканда тең ата сүйлөшүү керек. Дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып, болбосо энергетикалык, суу рычагдарын колдонууга туура келет. Бул жерде геосаясат дагы болушу мүмкүн. Эмне үчүн мындай болуп жатканын терең анализдөө зарыл. Президент мүнөзүн көрсөтүшү керек эле, сүйлөшүү жагынан чабал болуп жатат", - деди Айбек Мырза.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Марлен Маматалиев, Айнуру Алтыбаева, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан