Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясы жана КСДП партиясы тууралуу билдирүү жасады.
Жээнбеков КСДПнын азыркы абалы туруктуу болбой жатканын айтты.
"Мен мурдагы парламенттин төрагасы катары КСДПнын катаал жолго түшкөнүн карап тура алган жокмун. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан өзүнүн милдетин так аткара албай калды. Ушул интригаларга мени кошуу аракеттери да жүрүүдө. Мен ага аралашпайм. Өмүр бою КСДПда мүчө болуп жүрөм деп ойлогом. КСДПдан чыгуу чечимин кабыл алганымды расмий жарыялайм. Кудай буюрса, мындан ары дагы Жогорку Кеңештин депутаты катары элибизге кызмат өтөй берем. Буга менин билимим да, тажрыйбам да, кайратым да жетет", - деди Жээнбеков.
Мындан тышкары ал КСДП татаал жолду басып өткөнүн айтып, өлкө тагдырын чечүүчү мезгилде алдыда жүргөнүн белгиледи.
"Бүгүнкү күндө КСДП партиясынын тегерегинде орун алган талаш-тартыштар анын көп жылдан бери топтогон аброюна көлөкө түшүрдү. Мен партияга эң оор учурда келгем. 2007-жылы бийликтин өкүмзордугу күч алып, мамлекетибиздин келечегине чоң коркунуч жаралган учурда иш жасаганбыз. Партиянын катардагы мүчөсү гана эмес, бир кездеги КСДПнын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин төрагасы катары мындай иштерге катышканыма сыймыктанам. Ал эми партиянын төрагасынын жеке таарынычы, жеке амбициясы мамлекеттин өнүгүүсүнө залакасын тийгизбеши керек", - деди Жээнбеков.