Экс-депутат Данияр Тербишалиев бүгүн өтүп жаткан КСДПнын съездин легитимдүү деп эсептей турганын айтты

Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өтүп жатат. Ага экс-депутаттар Ыргал Кадыралиева, Данияр Тербишалиев, саясат таануучу Бакыт Бакетаев катышууда.

Бакетаев партиянын көпчүлүгү кандай чечим кабыл алса, ошондой болушу керек деген пикирде. "Көпчүлүгү жаңы партия лидерин шайласа, партиянын башчысы ошол болушу шарт. Бул демократиянын мыйзамдары", - дейт ал.

Ыргал Кадыралиева съездге конок катары чакырылганын билдирди. "Мандат берилсе КСДПнын легитимдүү лидерине добуш бермекмин", - дейт Кадыралиева.

Тербишалиев съездди легитимдүү деп эсептей турганын айтты. "Саясий кеңештин мүчөлөрү чечим кабыл алып, бул съезд өтүп жатат" дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан