Кыргыз Премьер-Лигасынын жаңы сезону 6-апрелде старт алат. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жылы өлкө чемпиондугу үчүн 8 футболдук клуб ат салышат. Алар: өткөн сезондун чемпиону "Дордой", Ош шаарынын "Алай", "Академия-Лидер", Бишкек шаарынын "Алга", "Илбирс" жана Кант шаарынан "Абдыш-Ата" командалары.
Премьер-Лиганын 1-туру 6-апрелде башталып, 7-апрелде жыйынтыкталат.
Беттештердин жадыбалы:
6-апрель:
"Абдыш-Ата" - "Илбирс"
"Алай" - "Кара-Балта"
7-апрель:
"Дордой" - "Академия-Лидер"
"Алга" - "Нефтчи"
Кыргыз футболдук лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев буга чейин "Топ-Лига" аталып келген өлкөнүн футбол боюнча чемпиондугу ушул жылдан тартып "Кыргыз Премьер-Лигасы" болуп өзгөрөрүн билдирген.