Нарындын тоолорунан егерлер ири көлөмдөгү аюуну жана 30га жакын эчки-текелерди видеого тартып алышкан. Бул тууралуу 2-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, егерлер рейдге чыгышкан. Тасмадан жапайы жаныбарлардын тоо бетинде жүрүшкөнүн көрүүгө болот.