
24-октябрда Астана шаарында башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу кечээ, 1-ноябрда жыйынтыкталды. Биринчилик күрөштүн грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү түрлөрүн камтыды.
Бул турнирге өлкө намысын коргоп, 22 балбан катышты. Жыйынтыгында беш спортчу байгелүү орундарга илинип, жалпы жыйынтыкта өлкө курамасы 12-орунду ээледи.
Алсак, грек-рим күрөшүнөн 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов жана 72 килограммда күч сынашкан Амантур Исмаилов коло медаль алышты. Айта кетсек, Махмудов бул жолу башка салмакта катышты. Ал негизи 77 килограммда күрөшчү.
Балбан өзү чемпиондукка Азия оюндарындагы күрөшүнө ичи чыкпай калганынан катышканын белгиледи. Анын айтымында, Азия оюндарына жакшы даярдыкта барганы менен күчтүү беттеш болбой калган.
Ошентип өлкө курамасы грек-рим күрөшүнөн командалык тизмеде 14-орунга жайгашты.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 килограмм салмакта) күмүш байге утту. Ал финалда кытайлык атаандашына 3:4 эсебинде жеңилип, алтын үчүн аз эле балл жетпей калды. Жуманазарова беттеш учурунда бир аз катачылык кетирип алганын айтты. Ал эми турнирге 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө жеңилип калды. Жыйынтыгында балбан кыздарыбыз командалык эсепте 10-орунду алышты.
Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш алса, Малик Шаваев коло медаль тагынып, күрөштүн бул түрүнөн өлкө курамасы 6-орунду багындырды.
70 килограммдагы Акматалиев тарыхта өлкө куржунуна эркин күрөштөн Дүйнө биринчилигиндеги алгачкы алтын медалды салышы мүмкүн деп болжолдонуп жаткан. Тилекке каршы, балбаныбыз финалда орусиялык атаандашына 2:5 эсебинде жеңилип калды. Шаваев дүйнөлүк күчтүү балбандарды жеңип, сенсация жарата алды. Ал Дүйнө биринчилигине чейин сыркоолоп, кийин жакшы болгонун айтып, бул өз кезегинде күрөшкө таасир бергенин кыйытты.