"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын курултайынын катышуучусу "Партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү чакырылды беле?" деп сурады

Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өтүүдө. Курултайдын катышуучусу Кубан Айдаралиев КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү чакырылган же чакырылбаганына кызыкты. "Партия эки ажырым болуп турганда КСДПнын 25 жылдыгын белгилегенибиз өкүнүчтүү. Саясий кеңештин мүчөлөрүн көрө албай жатам. Алмазбек Атамбаевдин келбегени го түшүнүктүү. Башкалары чакырылды беле?" - деп сурады ал.

Кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов саясий кеңештин бардык мүчөлөрүнө чакыруу берилгенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан