Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланды.
Ал "КСДПнын лидеринин шайланышынын юридикалык жагы кандай болот?" деген журналисттердин суроосуна жооп бербей качты. Журналисттер анын артынан ээрчип алгандыктан бул суроого жооп берүүгө аргасыз болду. "Бул жерде бизде юристтер бар. Бүгүнкү съезддин чечимине партия баш ийиши керек", - деди ал.
Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидери болууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн.