Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланды. Ал анын талапкерлигин Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков колдогонун айтты.
Ал эми журналисттерге Абдрахманов Асылбек Жээнбеков менен жолукпаганын билдирди. "Акыркы убактарда фракция лидери Иса Өмүркулов менен байланышып турдук. Ал мени "лидерликке татыктуусуз" деп айткан. Асылбек Жээнбеков менен көрүшө элекмин, мени колдогонун башкалардан уктум", - дейт Абдрахманов.