Мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыкканы адилеттүү чечим болду"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асилбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал депутаттык мандатын тапшырбай турганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуусун кандай баалайсыз?" деген соболуна мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.
Анын пикиринде, учурда коом адилеттүүлүккө суусап турат.
"Бул суроого менин жообум кыска эле: адилеттүү чечим болду. Азыр коомубуз адилеттүүлүккө суусап турганда бийлик тараптан ушул сыяктуу адилеттүү чечимдердин көп болушу – жалгыз туура жол", - деди Султан.
Дал ушул суроого депутат Төрөбай Зулпукаров, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов, коомдук ишмер Нурланбек Шакиев жана журналист Тынчтык Алтымышевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан