Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асилбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал депутаттык мандатын тапшырбай турганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуусун кандай баалайсыз?" деген соболуна КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берди.

Ал депутат Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгуу тууралуу арызы КСДПнын катчылыгына келип түшө электигин айтты.
"Мен КСДПнын расмий өкүлү болгондон кийин бир нерсе айтсам партиянын позициясы экен деп ойлоп калышат. Ошондуктан кыска эле айтат элем. Ар бир КСДПнын мүчөсү партиядан чыгууга укугу бар. Бирок Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгуу тууралуу арызы келип түшө элек. Негизи биздин катчылыкка келип, партиядан чыгуу боюнча арыз жазуусу керек. Ал эми Жээнбековдун партиядан чыгуу тууралуу билдирүүсүн парламенттин трибунасынан билдиргени - атайын жасалган саясат. Жээнбеков Жогорку Кеңештеги чоң трибунаны пайдаланып, саясий билдирүү жасады. Ал адамга коомчулукта нааразычылыктар көп. Эл арасында "Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырып берсе болот эле" деген кептер байма-бай айтылып келет. Эл Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыгып кетүүсүн эмес, мандатын тапшыруусун күтүп жаткан", - деди Жолдубаева.
Дал ушул суроого депутат
Төрөбай Зулпукаров, мурдагы элчи
Кылычбек Султан, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси
Динимухаммед Ыбрайымов, коомдук ишмер
Нурланбек Шакиев жана журналист
Тынчтык Алтымышевдин пикири бул
шилтемеде.