Коомдук ишмер Нурланбек Шакиев: "Учурдагы КСДПдагы жийиркеничтүү абал Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгышына түрткү болду"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асилбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал депутаттык мандатын тапшырбай турганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуусун кандай баалайсыз?" деген соболуна коомдук ишмер Нурланбек Шакиев жооп берди.
Ал КСДП партиясынын беделдүү мүчөлөрү Асилбек Жээнбековдун артынан партиядан чыгышы толук мүмкүн экенин белгиледи.
"Учурдагы КСДПдагы жийиркеничтүү абал Асилбек Жээнбековдун партиядан чыгышына чоң түрткү болду. Анткени Жээнбеков өз сөзүндө деле "КСДП партиясынын азыркы абалына зээним кейип жатат" деп айтты. Анын партиядан чыгып кеткени туура эле болду. Себеби кыйыр жана түз түрдө "КСДПнын чачыранды абалга түшүп калганына Асилбек Жээнбековдун салымы чоң" деген айыптоолорду Алмазбек Атамбаев жана анын тегерегиндегилер айтып келишти. Мындан ары да аталган партиянын мүчөсү болуп келген беделдүү инсандардын КСДПдан чыгышы толук мүмкүн. Буга Асилбек Жээнбеков жол ачып берди деп ойлойм", - деди Шакиев.
Дал ушул суроого депутат Төрөбай Зулпукаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов жана журналист Тынчтык Алтымышевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан