Бүгүн, 4-апрелде парламенттин жыйынында ар кандай маселелер каралып жатат. Анда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов Кыргыз мамлекетине келген инвестиция жана Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча маселе көтөрдү.
Икрамов Кыргыз өлкөсү Орусия менен 6 миллиард доллар суммасында инвестициялык келишим түзүлгөнүн билдирди.
"Жакында эле Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путин жана аны коштоп бир топ ишкерлер келди. Жалпы суммасы 6 миллиард долларга келишим түзүп кетишти. Буга чейин мындай инвестиция кирген эмес. Орусиядан келген каражат менен өлкөгө пайда алып келе турган кандай иш-аракеттер көрүлөт? Мен өкмөткө бир сунуш берет элем. Учурда Кыргыз-Казак чек арасында абал жакшы эмес. Биздин ишкерлер Казакстандын чек арасында кыйналып жатышат. Ошондуктан тез арада Орусия өкмөтү менен биргеликте иш планды даярдап, Ош, Нарын жана Чүй облустарына ЕАЭБдин алкагында фитосанитардык лабораторияларды дүйнөлүк стандартка тууралап курушубуз керек. Кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетип, орусиялык инвесторлор менен биргеликте Кытай базарына киргизүүнү пландашыбыз зарыл. Бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени салыктар жеңил, жумушчу күч арзан. Эгерде орусиялык инвесторлор менен Кытай базарына кирүүнү каалсак, анда кытай тарап менен сүйлөшүү жеңил болот. Ошондой эле азыркы болуп жаткан Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөйлөр азаймак. Өкмөт бул ишти тез арада колго алуусу зарыл. Бул тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго дайындоо керек. Жыйынтык жакшы болбой калса вице-премьер-министр жоопкерчиликти алуусу абзел", - деди эл өкүлү.