Депутат: "Бажы чоң чатактын башы болгону турат"

"Казакстандын каналдарынан депутатыбыздын сотун, Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды көрсөттү, Кыргыз өлкөсүндөгү Бажы кызматынын иштеши боюнча күмөн ойлор жаралууда" деп бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

"Бул жерде Кыргыз-Казак чек арасы жөнүндө сөз болуп жаткан жок, бул жерде Кыргыз өлкөсүнүн маалымат коопсуздугу, ички-тышкы коопсуздугу боюнча да кеп болуп жатат. Казакстандын телеканалдарынан депутатыбыздын соту тууралуу, Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча да көрсөтүлдү. Андан кийин Кыргыз өлкөсүнөн негизги аткезчиликтин баары Кытай аркылуу өтүп жатат деген маалыматтар айтылды. Кыргыз өлкөсүндөгү бажынын иштеши боюнча ар түрдүү күмөн ойлор жаралып, ал жакта да, бул жакта да эксперттер иштеп жатышты.

Бажы чоң чатактын башы болгону турат. Бул тууралуу "Керек болсо Коопсуздук кеңештин башчылыгында, Башкы прокуратура, УКМК менен биргеликте бажыда комплекстүү текшерүүлөрдү өткөрүү керек" деп өкмөттүн башчысына кайрылгам. Себеби ЕАЭСтеги өнөктөштөрүбүз кайра эле ошол күнөөлөрдү коюп жатат. Өкмөттүн колунан келбей жатса, булар менен сүйлөшпөй жатса эмне кылышсын?!" - деди Казакбаев.

Депутат Кыргыз-Казак чек арасы боюнча маалымат угууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан