Депутат: "Медициналык комиссия өлкөдөгү эӊ коррупциялашкан мекемелердин катарына кирет"

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер сааты өтүп жатат. Анда "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында медициналык комиссия өлкөдөгү эӊ коррупциялашкан мекемелердин катарына кирерин айтып чыкты.

Ормонов аталган мекемедеги коррупцияга тез арада бөгөт коюу керектигин билдирди.

"Бул мекемеде өз билемдигинин айынан көптөгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөлөк пулдарын өз маалында ала албай, ашыкча убара болууда. Муну азыртадан токтотуш керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөлөк пул алуусун улантуу үчүн эки-үч жылда бир жолу медициналык комиссиядан өтүп турушу керек экен. Ушунун канчалык кереги бар? Мисалы, тубаса майып адамдар медициналык кароодон бир жолу гана өтсө жетиштүү да. Буту кесилген адамдын жыл сайын кароодон өткөрүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Эмне, кесилген бут бир жыл ичинде кайра өсүп калабы? Майыптардан бир нерсе үмүт кылган мындай жосундардан арылыш керек", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан