Кечээ, 3-апрелде АФК Кубогунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубун кабыл алды. 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган беттеште стадиондун болжолдуу түрдө 60-70 пайызын толтурган күйөрмандар кайрадан "стадион" деп кыйкырышты.
Белгилей кетсек, 24-январда Улуттук курама команданы Азия Кубогунан тосуп алуу аземинде да күйөрмандар өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүн бөлүп, "стадион" деп кыйкырышкан.
"Стадион болот, бул боюнча чечим кабыл алынат" деп жооп берген Абылгазиев.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун эскилиги жетип, жаңы стадионго муктаждык бар экендиги көптөн бери эле айтылып келет. SUPER.KG порталы "Жаңы стадион куруу маселеси учурда кайсы этапта? Качан кыргыз футболчулары жаңы оюн талаасында ойноп калат?" деген суроолорго жооп алуу максатында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кайрылды.
Агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Султамбаевдин айтымында, учурда ар тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Учурда ата мекендик жана чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары жаңы стадиондун долбоорун сунуштагандар менен да алаканы үзгөн жокпуз. Сунуштардын келип түшүүсү уланууда. Биздеги негизги маселе стадиондун долбоорун тандоо жана кайсы инвестор ишке ашыра турганын чечүү. Мындан сырткары, стадион үчүн кайсы аймактан жер бөлүнөрүн аныкташыбыз керек. Ушул маселелер чечилгенден кийин жаңы оюн талаасы качан курулуп бүтөрү белгилүү болот.
Бизге ушул жылдын аягына чейин жаңы стадион боюнча чечим кабыл алуу тапшырмасы берилген. Бирок инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бир топ эрте бүтөрүн болжолдоп жатабыз. Демек, стадиондун качан курулуп бүтөрү белгиленген убакыттан эрте ачыкталат", - деди Султамбаев.