"Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында органдарды алмаштыруу операциялары да жасалат" деп бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы тууралуу маселе каралууда.
Депутат Азамат Арапбаев Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө оорукана качан ачылат жана анда кандай операциялар жасалат деген суроолорду узатты.
"Биз оорукананын эртерээк ишке киришине кызыкдарбыз. Бул ооруканада органдарды алмаштыруу операциялары жасалабы? Бул нерсе Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы болбойбу?" - деди депутат.
"Бул ооруканада органдарды алмаштыруу операциялары да жасалат. Органдар боюнча катуу талап коюлат жана көзөмөлдөнөт. Айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет", - деди министрдин орун басары.
"Бул оорукана кандай шартта курулду?" - деди депутат.
Бул суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Оорукананын ичиндеги жабдуулардын баары грант түрүндө берилүүдө. Алгачкы 3 жыл аралыгында Түрк тарап көзөмөлдөйт, кийин толугу менен Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет", - деди.