"Саламаттыкты сактоо министрлиги белек катары куруп берген Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы 1 жылдан бери ачылбай турат, аны иштете албайсыңар. Андан көрө менчикке сатып жибергиле", - деп бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов айтты.
Депутат саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден "Бул оорукана канчанчы жылы курулуп башталды эле? Качан толук курулуп бүттү?" деп сурады.
"Оорукананын курулуш иштери 2014-жылы башталган, толук курулуп бүткөнүнө 1 жылдын жүзү болуп калды", - деди Каратаев.
"Ошондо оорукана курулуп башталгандан бери 5 жыл өтүптүр. 1 жылдан бери ратификациядан өткөрө албай эмне кылып жүрөсүңөр? Белек, грант катары берилген оорукананы ача албай жүргөн өзүбүздө күнөө. Саламаттыкты сактоо министрлиги иштете албайт, силер бөлүнгөн акчаны кантип бөлүштүрөбүз деген маселе менен алек болосуздар. Андан көрө менчикке сатып жибергиле, алар силерге караганда жакшы иштетип алышат. Силер курулуп бүткөн оорукананы ишке киргизе албай жатасыңар",- деди депутат.
"Оорукананын курулушу бүткөнү менен ичи толук жабдууланып, көп аппараттар коюла элек", - деди Каратаев.