Юстиция министрлиги "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын курултайы тууралуу: "КСДПны кайра каттоо боюнча документтер түшө элек"

Кечээ, 4-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган. Абдрахманов съездде кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы менен КСДП кайра каттоодон өткөрүлөрүн журналисттерге айткан.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы КСДПны кайра каттоо боюнча документтер түшө электигин SUPER.KG порталына билдирди. "Алар документти эмне деп берише турганы белгисиз. Биринчи документтер түшсүн. Андан кийин бул маселе белгиленген тартипте каралат", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан