Парламентте Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды жабык эшик артында талкуулап жатат

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды жабык эшик артында кароо сунушталды.

Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев: "Азыркы карай турган маселенин маанилүүлүгүн эске алып, жабык эшик артында карап берсеңиздер. Бул маселе премьер-министрдин өзүнүн жеке көзөмөлүндө турат. Казак тарап менен сүйлөшүүлөр өттү. Бүгүн саат 17:00дө Нур-Султан шаарында Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү менен казак тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт", - дейт.

Жыйынтыгында депутаттар аталган маселени жабык эшик артында кароо сунушун колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан