Бүгүн, 5-апрелде өкмөттө күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары тууралуу маалымат угулуп жатат. Анда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жана "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы Азамат Абдыкадыров баяндама жасады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр энергиясына тарифтерди түзүүгө карата калк арасында ачык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. "Тарифтер кандай түзүлө турганы жана алар эмнеден турары жарандарга түшүнүксүз. Ал эми силер ортомчу компаниялардын кызматтарын пайдаланасыңар, алар мындан акча жасашат. Мына сиз 4 миллиард 5 миллион сом карыз топтолгон деп жатасыз. Электр энергиясын экспорттоо менен 1 миллиард сом иштеп табабыз дейсиңер, калган 3 миллиард 5 миллионду эмне салык төлөөчүлөр төлөшү керекпи? 2028-жылы энергетика тармагына алынган насыялар үчүн жылына 10 миллиард сом төлөп баштоо керек. Мындай темп менен биз аткара албайбыз. Ошондуктан бул жерде сүйлөгөндө, тармактын келечеги тууралуу айтуу зарыл.
Энергетика тармагы боюнча жыл сайын окшош эле маселелер айтыла берет. Бул жомокту биз 20 жылдан бери угуп келе жатабыз. Муну менен бирге абалды жакшыртуу боюнча эч кандай таасирдүү кадамдар жасалган эмес", - деди Абылгазиев.