"УКМК кошумча ыйгарым укуктарды алса жарандардын укуктары бузулат" дейт депутат Дастан Бекешев

Буга чейин маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чалгындоо иштерин жүргүзүүдө почтаны окуу, сүйлөшүүлөрдү угуу жана биометрикалык маалыматтарды алуу сыяктуу ыйгарым укуктарды кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна депутат Дастан Бекешев жооп берди.

Эл өкүлү УКМКнын чалгындоо кызматы кайсы бир ыйгарым укуктарды соттун чечими менен алышы керек деген пикирин айтты.

"Биз укуктуу мамлекетпиз. Ошого мындай ыйгарым укуктарды Конституция боюнча соттун чечими менен алышы зарыл. Ашыкча укуктарды ала алышпайт. Эң негизгиси Конституция, алар ошол боюнча иштеши керек. Жөн эле барып укуктарды алабыз дегени туура эмес. Бирөө кылмыш аракеттерди жасаган болсо, соттун чечимин алып текшере беришсин. Ашыкча ыйгарым укуктарды алышса жарандардын укуктары бузулат. Биздин сүйлөшүүлөрүбүздү дагы уга турган программалары бар", - деди депутат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан