Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев жооп берди.
Ал атайын кызматтар чалгындоо ишин жүргүзүүдө, кийин деле укуктарды соттун чечими менен жүргүзүшөт деген пикирде.
"Булар атайын кызматтар эмеспи. Алар кайсы бир иш-аракеттерди жасаганда, маалыматтары болсо ошондой укуктарды алып ишин аткарышат. Мындай нерсе туура же туура эмес деп айтуунун өзү туура эмес. Ыйгарым укуктарды алуу үчүн сотко кайрылып, алууга негиздерди көрсөтүшөт. Азыр да, кийин да соттун чечими менен болот. Мыйзамдын негизинде ишин аткарышса адам укуктарын чектөө болбойт", - деди депутат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.