Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Анын айтуусунда, УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатканы адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барат.
“Бүгүнкү күндө биздин бийлик коопсуздукту сактай турган бөлүмгө коррупция менен күрөшүүнү да берип койгон. Эгерде УКМК сунуштап жаткан бул мыйзам долбоору кабыл алынса, коррупцияга катыштыгы бар деген жүйө менен бизнестерди тартып ала башташат. Ошондой эле бийликке каршы көз караштагы саясатчылар күнөөлүү болбосо дагы кандайдыр бир кылмыш иштерине катыштыгы бар деп айыптоого өтүшөт. Ошондуктан УКМКга мындай уруксат бербеш керек. Учурда УКМК Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып берет деп үмүт артышууда. Анткени аталган органдан парламент, аткаруу бийлик жана соттор дагы коркот. Себеби алар бардык бийлик бутактарынын үстүнөн коркутуп алышкан. Бул эртеңки күнү жөнөкөй жарандар, ишкерлер жана саясатчылар үчүн залакасы тие турган чоң коркунуч”, - деди Карасартова.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.