Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна укук коргоочу Таалайгүл Токтакунова жооп берди.
Ал УКМКнын бул сунушу адам укуктарын бузууга жана эркиндигин чектөөгө алып барат деген пикирде.
"Конституцияда ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы башка жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет деп көрсөтүлгөн. Азыркы күндө УКМК мыйзам чегинде, негиз болсо сотко кайрылып каалаган маалыматтарды алууда жарандын сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат алып жатат. Мындай абалда УКМКнын болобу, жарандардын болобу укугу чектелбейт, анткени сот аркылуу болуп жатат жана Конституциянын нормасы бузулган жок. Ал эми аталган органдын азыркы кайрылуусу адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө түздөн-түз алып барат. УКМК эмне үчүн сот тарабынан алгысы келбей жатканы бул чоң суроону жаратат", - деди Токтакунова.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.