Бишкекте КСДПнын кезектеги 18-съездине экс-президент Алмазбек Атамбаев катышууда

Бишкекте бүгүн, 6-апрелде "Медиа Форум" имаратында КСДПнын кезектеги 18-съезди саат 10до башталды. Бул туурасында партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Съездге партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев катышууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мухтар Айнакулов, Анвар Артыков жана башкалар съездге катышуу үчүн келишкен. Мындан тышкары 180 делегат чакырылган. Аталган съезд жабык эшик артында өтөт. Ал эми 12:30да ЖМК өкүлдөрүнө брифинг болот.

Буга чейин 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын жетектөөчүсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган КСДПнын съезди өтүп, өзү партиянын лидери болуп шайланган. Бирок ага КСДП фракциясынын депутаттары барган эмес. Ал эми Иса Өмүркулов да ошол күнү съездге барбай, парламенттеги жыйында отурган. Өмүркулов съездге барбаганын Жогорку Кеңеште маанилүү делген Кыргыз-Тажик чек арасы каралып жатканы менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан