КСДПнын 6-апрелдеги съездинен кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, саясатчылар, жарандык активисттер менен биригиши тууралуу пикирин айтты.
"Биз менен биригебиз деген ар бир адамга сүйүнөбүз. Жарандык коомдун өкүлдөрү жазгандарын окуп сүйүнүп жатат. Азиза Абдурасуловага рахмат айтам. Менден билбестик кетсе кечирим сурайм. Ушундай адамдар күн сайын көбөйүп жатат", - деди Атамбаев.