Макулдашуулардын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына барышкан. Эки өлкөнүн тийиштүү органдары да үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө аракеттерин көрүшкөн.
Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өткөн.
Казак тарап кечээтен тартып, калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.
5-апрелден баштап Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Учурда Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнгө салынууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.