Элдик революциянын 9 жылдыгына арналган иш-чара саат 12:30да башталат. Эскерүү митингинде маркумдарга багышталып куран окутулат. Ага партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка коомдук, саясий ишмерлер катышат.
Мындан тышкары партиянын маалымат кызматы кечээ, 6-апрелде Атамбаев баштаган топ курултайга келген делегаттар менен бирге "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барганын кабарлашты.
"КСДПнын кезектеги 18-курултайы бүткөндөн кийин Атамбаев баштаган топ "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине курултайга келген делегаттар менен кошо барды. Ал жакта 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорго багышталып куран окутулду. Андан кийин делегаттар экс-президент менен кошо жакында эле ачылган "7-апрель шейиттери" мечитине да барышты", - деди партиянын маалымат кызматы.