Бүгүн Апрель окуясына 9 жыл. 2020-жылы бул күндүн юбилейлик 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 7-апрелде Апрель революциясына 9 жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митингге чыгышкан.

Ошол күнү элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши каза болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган. Ошондон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Андан соң өлкөдө Убактылуу өкмөт түзүлүп, мамлекетти башкарууну Роза Отунбаева колго алган. Бул күн Кыргыз мамлекетинде майрам катары кабыл алынган.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуясына карата кыргыз элине кайрылуу жасады.

"Бүгүн элдик Апрель революциясынын күнү. Өлкөбүздү алдыга, жаркын келечекке, өнүгүүгө үндөгөн, элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун, саясий эркин даңктаган улуу күн. Биздин эл авторитардык бийликти, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну эч убакта кабыл албай турганын далилдеди. 7-апрель жаңы доордун саясий, экономикалык жана коомдук чоң өзгөрүштөрдүн башталышы жана жаңылануунун башаты. Апрель элдик революциясынын чыныгы баасын, бийик баркын эстен чыгарууга акыбыз жок! Бул күн өлкө тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Биз элибиздин эркиндиги, бакубат жашоосу, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн шейит кеткен мекендештерибиздин каармандыгын эч качан унутпайбыз.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койдум", - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан