"БЭК бет болду, бийликтен кет болду, экөө зек болду". Мындай пикирин бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында КСДП партиясы Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтты.
Ал 7-апрелдин талаптарын так сактоо керек экенин билдирди.
"9 жыл мурда 7-апрелде милициялардын колунан курал тартып алып, биздин балдарга берип жаткан жарандардын биримин.
Азыркы бийликте саясат болбой эле сармерден болуп жатат. Мага кыйын болууда. Партиям экиге бөлүнүп, фракциям чачыранды болуп калды. Жүрөк бирди тандайт экен. Бирок мен чындыкты гана айтам. 7-апрелде курман болгондордун балдарына 3 миң сомдон берилет экен. Ал эми Ооган согушуна барып катышып келгендер үчүн 6 миң сомдон алышат. Теңчилик кайда? Өкмөт, түкүрүктөн түшкөн айып пулдан деле Апрель окуясында каза болгондордун балдарына бербейсиңерби?", - деди эл өкүлү.