Алмазбек Атамбаев: "Мен качпайм, камасаңар түрмөңөргө батпайм, чындык үчүн бир күнү Ак Үйгө таягымды сүйрөп алып, өзүм барам"

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында КСДП партиясы Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Бул иш-чарага аталган партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Иш-чараны Атамбаев "Медиа-Форум" имаратынын алдына 7-апрель окуясына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен баштады. Андан соң Апрель окуясында шейит кеткендерге багышталып куран окулду. Анда Атамбаев 7-апрелди экинчи туулган күнү катары көрөрүн белгилеп, 2010-жылдагы окуяны эскерди.

"6-апрель күнү мени УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарып, кадимки эле түрмөгө которушту. Бир камерада 10 киши элек. Алар мени сыйлап, орун беришкен. Ошондо атылган октун үнү чыкканда Кудайдан жалынгам. “Кан төгүлбөсүнчү, мени эле алып кетчи" деп тиленгем. Чындык үчүн күрөшө берем. Мен качпайм, камасаңар түрмөңөргө батпайм, чындык үчүн бир күнү Ак Үйгө таягымды сүйрөп алып, өзүм барам. Мени качат дегендер менен камайбыз дегендер өздөрү качып, сыртта жүрөт", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан