Депутат айыл чарба тармагы ИДПга канча салым кошконун сурады

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Бакиров айыл чарба, токой чарба тармагы ички дүң продукциясына канча салым кошуп жатканын сурады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдиргендей, 2018-жылы 203 миллиард 800 миллион сомго айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Анын айтымында, айыл чарба тармагы ички дүң продукциясына 11,6 пайыз салым кошту.

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов учурда Улуттук статистикалык комитети токой чарба тармагы ички дүң продукцияга канча салым кошконун санап жатканын айтты. Ал жакынкы күндөрү расмий маалымат бере турганын билдирди.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elchi84
2019-04-08 12:38:23
Канча продукция ондургонун каяктан билишет дейм да дыйкандар озу менен озу го?
+1
Ysakov_Nur
2019-04-08 12:39:51
Айыл-чарба министрлиги Ички Дун Продукциясына эч салым кошкон эмес.
Депутат мырза "айыл-чарба минстрлиги ИДПга канча зыян келтирген"-деп сураса туура суроо болмок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан